Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.10.2018 16:35

Ысык-Көл районунда 100 жаштан ашкан карылар сыйланды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунда кылым карыткан карыларга 1-октябрь — Карылар күнүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аким Данир Иманалиев Ысык-Көл районунун Темир айылынын 104 жаштагы тургуну Кулушай Боруеваны жана Кожояр айылынын 107 жаштагы тургуну Онолкан Усупованы куттуктап, акчалай белектерин тапшырды.

Мындан тышкары, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Сыртбай Арыкбаев да эки апага белек ыйгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×