Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.10.2018 12:01

Ысык-Көлдө баңгизаттардын партиясы табылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда баңгизаттардын партиясы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-сентябрда прокуратура органдары тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту жана 3-бөлүмүнүн 4-пункту менен («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү») кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында 29-сентябрда шектүү А.Р.нын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 495 грамм салмактагы спецификалык жыты бар кара-жашыл түстөгү 45 брикет (күкүмдөлгөн чым көң же башка нерселерден жасалган кирпич сыяктуу нерсе) жана мергенчилик курал табылган.

Ысык-Көл ОИИБдин эксперттик-криминалдык бөлүмүнүн маалыматына караганда, табылган зат гашиш экендиги аныкталган. 29-сентябрда А.Р. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×