Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.09.2018 14:01

Жеңеке: Балыкчылык Элнура жолдошуна биринчи жолукканда баңгизат колдонот деп ойлоп, унаасына отурбай койгон

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын 25 жаштагы тургуну Элнура Олжобаева жолдошу менен таанышканын жылмаюу менен эскерет. Алгач ал жолдошунун эгизи менен таанышкан эле.

Жубайлар биринчи жолу жолукканда баңгизат колдонгон жигит деп ойлоп, унаасына отурбай койгон.

Элнура жеңе И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттен башталгыч класстардын мугалими адистигине ээ болгон. Жолдошу — Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 31 жаштагы тургуну Абдыкадыр уулу Замир учурда электромеханик болуп эмгектенет.

Элнура жеңе

«Жолдошум экөөбүз социалдык түйүн аркылуу таанышканбыз. Мен ал учурда студент элем. Сабактан сырткары бий ийримине барчумун. Бий ийрими аркылуу спорт ордосуна сынакка барып, кезегибизди күтүп достор менен отуруп калдык. Бир маалда дос кызым "сага досторду кошуп берейин" деди. Мен телефонумду берип койсом, ал социалдык түйүндөгү баракчама көп досторду кошуптур. Алардын арасында жолдошумдун түгөйү Дамир да бар экен. Андан кийин Дамир менен дос катары 3-4 ай сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү ал эгизи Замир менен тааныштырды.

Замир менен көпкө телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, кийин шаардан жолукмай болдук. Жолукканда анын көздөрү кыпкызыл болуп көрүндү. Көрсө күндөн аллергиясы бар экен. Унаасы менен мени үйгө жеткирип коюуну сунуштаган. Мен анын көзүн көрүп, баңгизат колдонот го деп ойлогом. Коркконумдан анын унаасына түшпөй койдум. Ошол бойдон көптөн кийин жолугуп, анын аллергиясы бар экенине ишенгем.

Жаңы келин болум келгенде ашканадан кыйналдым. Себеби өзүм тамак бышырчу эмесмин. Үй иштерине жок элем. Бир жолу камыр жууруп, бирок ачыткысын унутуп кошпой коюптурмун. Ачыбай калган камырды кайненеме көргөзгөндөн коркуп, жашырып жок кылгам.

Биз дайыма тамакты электр плитасына бышырчубуз. Бир жолу очокко күрүч бышыралы дедик. Мен отту күчтүү жагып коюп, казандагы бышып жаткан күрүч жарымына чейин күйүп кетиптир. Ошондон кийин сабак болду окшойт, эми жакшы үйрөнүп калдым. Кайненем жакшы акыл кептерин айтып, билбегенимди үйрөтүп турат. Жолдошум балдарына камкор ата, үй-бүлөбүздү бүт жагынан камсыздайт.

Бош убактымда тамак-ашты түрлөп бышырганга, түстүү кагаздар менен букет гүл жасаганга кызыгам. Бирок азыр кичүү кызым кичине болгондуктан көп убактым бала менен өтөт. Келечекте өз кесибим менен иштегим келет. Үй-бүлөм менен чогуу жер кыдырсам дейм, жана балдарыма татыктуу тарбия берип, мыкты кожойке болсом деген максаттарым бар», - деди ал.

Элнура жеңе учурда эки кыздын апасы.

Элнура жеңе

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×