Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 25.09.2018 17:27 На русском

Чолпон-Ата шаарынын мэри А.Саралаевге депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Turmush -  Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары 25-сентябрда өткөн отурумда шаар мэри Акылбек Саралаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдашты.

Отурумга катышкан 18 депутаттын ичинен 16 эл өкүлү А.Саралаевге ишенбөөчүлүк көрсөткөн, 2 депутат каршы болгон.

Ушул жылдын июль айында Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев да ошол кездеги өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаевге Чолпон-Ата шаарынын мэринин жасап жаткан иштерине ишенбөөчүлүк көрсөткөн кайрылуусун жолдогон болчу.

А.Саралаев Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп 2017-жылдын 16-февралында шайланган.

Шайлоодо Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, КСДП партиясынан сунушталган А.Саралаевдин талапкерлигине 21 депутаттын ичинен 17 эл өкүлү добуш берген.

Анын өмүр баяны бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×