Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.09.2018 15:06

Ак-Суунун Теплоключенка айылында донорлордун улуттук күнү белгиленүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-сентябрда Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында донорлордун улуттук күнү белгиленип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Улуттук Кызыл Ай коомунун демилгеси менен уюштурулган иш-чарага үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, аталган айыл өкмөттүн кызматкерлери жана Ак-Суу райондук ишканалардын өкүлдөрү активдүү катышууда.

Ак-Суу райондук ооруканасынын башкы дарыгери Э.Урманаев биринчилерден болуп кан тапшыргандан кийин түшкө чейин 10 киши кан тапшырды.

Ал эми айылдагы Киров атындагы орто мектебинин окуучулары флешмоб уюштурушту. Өз ыктыяры менен кан тапшыруу кечке чейин уланмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×