Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.09.2018 09:22

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 25-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Ысык-Көл районунун Семёнов айылында 1200 түк чөп жана 300 чарчы метр сарай толугу менен өрттөндү. Өрткө отко этиятсыз мамиле кылуу себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 40 чарчы метр чатыры, 180 түк чөп жана жанаша жайгашкан ашкананын 54 чарчы метр чатыры күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×