Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 20.09.2018 14:52 Жаңыланды: 20.09.2018 17:51

Айыл турмушу: 28 жаштагы Алтынбек казан кебаб жасоонун сырын азербайжандык ашпозчудан үйрөнгөн (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 28 жаштагы тургуну Жекшен уулу Алтынбек 10 жылдан бери ашпозчу болуп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бишкек шаарындагы №91 кесиптик лицейде ашпозчу-кондитер кесиби боюнча билим алган.

«10 жылдан бери ашпозчу болуп иштейм. Мен жасаган казан кебабды көпчүлүгү жактырып жешет. Аны акыркы 4 жылдан бери жасап келем. Аны жасоону азербайжандык кесиптешимден үйрөнгөм.

Ал эми 1 койдун этин 1500 сомго жасап берем. Айыл жергесинде көбү тааныш, тууган болгондуктан 1000 сомдон жасайм. Учурда эки жерде иштеп жатам.

Мындан тышкары тандыр нандын 3 түрүн жана самса жасап сатам. Нандар 15-20-25 сомдон болсо, самса 50 сомдон», - дейт ал.

Ошондой эле ал казан кебабдын өзгөчөлүгүнө токтолду.

«Казан кебаб муздак тамак (закуска) катары берилет. Эти бир сутка маринаддалган соң бышырылат. Бир тойдо аксакал: "канча тамак жедик, бирок бул тамактын даамы өзгөчө экен" деген. Кебаб дагы устукандалып тартылат.

Кебабды жасоо үчүн бир койду союп, устукандап, аны маринаддаган соң 1 суткага калтырам. Андан соң казанга жай отко бышырам. Жашылча, картошка, камыр кошуп, жел чыкпагандай кылып демдеп коём. Ал өзүнөн чыккан сууга бышкандыктан абдан даамдуу болот. Мындай тамакты көпчүлүгү жактырып жешет», - дейт Алтынбек.

Мындан тышкары ал мал сатуу менен дагы алектенет.

«Ашпозчулуктан тышкары мал багып, аларды семиртип сатам. Айына орто эсеп менен 30-40 миң сомдой киреше табам. Эми келечекте көлдүн жээгинде бардык шарттары менен эс алуучу жай ачуу максатым бар», - деди ал.

Жекшен уулу Алтынбек эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×