Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.09.2018 11:28

Ысык-Көлдүн 3 тургуну «Йакын Инкар» уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартышты

Turmush -  Ушул жылдын 9-сентябрында УКМК тарабынан диний-экстремисттик (ДЭУ) жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы диний кырдаал боюнча түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында Түп районунда алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын катышуучулары «Йакын Инкар», ошондой эле «Хизб ут-Тахрир» жана «Салафизм», «Ваххабизм» сыяктуу салттуу эмес диний агымдарды дискредитациялаган идеологиялар боюнча маалыматтарга күбө болушту. Радикалдуу ДЭУ идеяларын жаштар арасында жайылтуу көйгөйлөрү да белгиленди.

Жергиликтүү дин өкүлдөрү эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) катарына кошулуп, Сириядагы согуш аракетине катышууга КР жарандарынын, өзгөчө жаштардын кетип жаткан фактысына өзгөчө көңүл бурушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Йакын Инкар» уюмунун 3 активдүү мүчөсү диний-экстремисттик идеологиясын четке кагып, өз ыктыяры менен «Йакын Инкар» уюмунун катарынан расмий түрдө баш тарткандыгын билдиришти. Алар коомчулук алдында каталарын толугу менен мойнуна алышып, бул идеологиянын пайдасыздыгын белгилешип, жергиликтүү элди, өзгөчө жаштарды аталган диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынын терс таасиринен сак болууга жана аралашпоого чакырышты. УКМК диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча ишин улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×