Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.09.2018 10:47

«Арык Мырза» китебин жазган ардагер Р.Алымбеков жеңил унаа менен сыйланды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун тургуну, эмгектин ардагери Рахмат Алымбеков Арык Мырзанын 450 жылдык мааракесине карата «Арык Мырза» тарых-санжыра китебин жазганы үчүн «Ак-Суу районунун ардактуу атуулу» наамына татып, баш байгедеги жеңил унаа менен сыйланды.

Рахмат Алымбеков 2011-жылы жарык көргөн «Арык-Мырза» тарых-санжыра китебин көптөгөн сунуштар, сын-пикирлерди туура кабыл алып, толуктап жазып отурат.

«700 беттен турган бул китептин өзгөчөлүгү — Арык-Мырза баш болгон 5 мырзанын тарых-санжырасына гана токтолбостон, Арык Мырза тукумунун таралышы бүгүнкү күндөгү урпактарына чейин санариптик тартипте берилген», - дейт окурман — Кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин баласы Канатбек Ашымбаев.

450 жылдык мааракеде Арык Мырзага арналган эстеликти ачууда алыскы Өзгөндөн, Нарындан, Кочкордон келишкен Арык Мырзанын урпактары Рахмат Алымбековго жазган китеби үчүн терең ыраазычылык билдиришип, белектерин беришип, кол тамгалары жазылган китептерди алышты. Китеп жазып урпактарга кылган кызматы үчүн Рахмат Алымбековго Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы «Ак-Суу районунун ардактуу атуулу» наамын беришсе, Арык Мырзанын айкелин тургузуу жана 450 жылдыгын өткөрүү идеясын көтөрүп чыккан «Ак-Суу-Арашан» коому сыйлык катары жеңил унаа тартуулашты.

77 жашка чыкса да көз майын түгөтүп, Мүйүздүү эне жашаган Нарындагы Ала-Мышыктын тоосуна Кара-Мырзанын уруусунан Муратбек Жумакадыровду, Арык-Тукуму уруусунан Азамат Акымбаевди ээрчитип алып, сүрөткө тарттырып, эл оозунда айтылып жүргөн санжыраны ошол чөлкөмдө жашаган Тынымсеит уруусунан чыккан санжырачылардан угуп, тактап, акыркы жарык көргөн китепке киргизилиши санжыра-тарыхтын такталышына өбөлгө түзүп отурат.

Рахмат Асанкожо уулу Алымбектегин Ак-Суу районундагы Боз-Учук аймагынын Ой-Калча айылында 1941-жылы 12-августа төрөлгөн. Ичке-Жергез айылында 9-класска чейин окуп, 10-классты Каракол шаарынан бүтүргөн. Мектепти бүткөндөн кийин 4 жыл айылында тракторчу болуп эмгектенген. 1961-1964-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-жылы Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун механикалык факультетинен инженер-механик адистигиге ээ болуп чыккан. Эмгек жолун «Путь Ильича» чарбасында башкы инженер болуп баштоо менен профсоюздук, партиялык жана чарбалык кызматтарда эмгектенген.

1984-жылдан тартып 2002-жылга чейин, башкача айтканда ардактуу эс алууга чыкканга чейин Боз-Учук айылдык кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башсынын орун басары болуп эмгектенген. Эмгектери бааланып, мамлекеттик «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «В.И.Лениндин 100 жылдык мааракелик» медалдары жана өкмөттүк грамоталар менен сыйланган. Байбичеси Турган Мукаш кызы экөө 5 баланы тарбиялап, эрезеге жеткирип, 18 неберенин чоң-энеси, чоң-атасы болушту. Ушул тапта жогорку командасы менен «Беренелүү беш мырза» тарыхый-санжыра китебин урпактарга калтыруу үчүн жазганы турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×