Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.09.2018 08:00 На русском

Түндө Каракол шаарындагы базар өрттөндү (видео)

Turmush -  Бүгүн, 18-сентябрга караган түнү Каракол шаарындагы базар өрттөндү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ак-Тилек» базарындагы өрт газ баллондун жарылышынан улам чыккан. Кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттөн улам базардагы 15 соода түйүн күйүп кетти. Саат 00:30 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Учурда Каракол ШИИБдин кызматкерлери өрттүн себебин тактап жатышат.

ӨКМдин маалыматына караганда, куткаруучуларга аталган өрт жөнүндөгү маалымат 17-сентябрда саат 22:35те келип түшкөн. Аны өчүрүү үчүн 4 бөлүм иштеди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×