Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.09.2018 11:14 Жаңыланды: 13.09.2018 18:53 На русском

«Дагы балалуу болгубуз келет»: 9 баланы тарбиялап жаткан жубайлардын жашоосу (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын 37 жаштагы тургуну Урмат Дадакеевдин үй-бүлөсү айылдагы үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт. Аймактык кабарчы бул үй-бүлөдөн кабар алды.

Урмат Дадакеев дыйканчылык менен алектенип, асыл тукум мал багат. Мындан тышкары, «Тилекмат аке» үрөнчүлүк чарбасын түптөп, аны жетектеп келет. Жубайы Рейна Дүйшенбиева 34 жашта. Алар 9 баланын (6 эркек, 3 кыз) ата-энеси. Жубайлар дагы балалуу болууну максат кылышат.

У.Дадакеевдин айтымында, кыргыз эли байыртадан көп балалуу болуп, боз үйдө баш калкалап келишкен.

«Азыр жашоо бир кыйла жакшырып, айылда дагы баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Элет жеринде дагы шаардагыдай шарттарды түзүп алса болот», - дейт ал.

Ал эми жубайы Рейна Дүйшенбиева өткөн жылы «Баатыр эне» наамын алгандыгын белгиледи.

«Мен балдарымдын келечеги кең болушу үчүн баардык аракетимди жумшайм жана аларды эч нерседен кем кылбай багууга жолдошум экөөбүз аракет кылып келебиз. Улуу кызым Айдана Шейшенбекова 10-класста окуйт, күчүүбүз Медина 2 жашта. Балдарымдын төртөө мектепке барса, бешөө үйдө. Балдар биздин сыймыгыбыз, дагы балалуу болгубуз келет», - дейт жубайы.

У.Дадакеев үрөнчүлүк чарбасын жетектөө менен айылдын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Эми ички жолдорду оңдоо, жарыктандыруу иштерине көмөк көрсөтүүнү пландоодо.

Ошондой эле ал балдары үчүн чоң үй куруп жаткандыгын кошумчалады.

Буга чейин Рейна Дүйшөнбиева «Баатыр эне» төш белгисин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан алгандыгы маалымдалган.

«Мектепти бүткөндөн кийин турмушка чыктым. Жолдошум менен биздин айылдан таанышкам, себеби кайненем экөөбүз бир айылдан болобуз. Жолдошум таякелерине келип жүргөндө таанышып, кийин баш коштук. Жолдошум Урматбек Дадакеев 1981-жылы Жети-Өгүз районуна карашту Тилекмат айылында төрөлгөн. Учурда «Тилекмат аке» үрөнчүлүк чарба фондун жетектейт жана өзү дагы жер иштетет. Арпа, буудай, картөшкө, беде өстүрөт. Жолдошум экөөбүз түтүн булатып жашаганыбызга 12 жыл болду, 9 баланын ата-энеси болдук. «Баатыр эне» наамын 31 жашымда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өз колунан алдым. Аябай сүйүнүп, толкундандым.

Балдарымдын эң улуусу Айдана 16 жашта, Айдарбек 13 жашта, Мухаммедали 9 жашта, Абдумажид 8 жашта, Умар 7 жашта, Ариет 5 жашта, Диана 4 жашта, Нурислам 3 жашта жана Медина 1 жашта. Балдарым менин чоң бакытым. Аларга татыктуу тарбия берип, мыкты инсан болуп чоңоюшуна салым кошсом дейм. Ошондой эле онунчу балалуу болууну ойлонуп жатам. Азыркы жаштар көп балалуу болуудан коркушат. 10 балалуу болгон жаш үй-бүлөлөр чанда гана кездешет. Ошондуктан онунчу балалуу болуп калсак өлкө башчыдан белек алууну кыялданам. Эгер мүмкүнчүлүк болуп калса белек катары үй-бүлөлүк 8 орундуу автоунаа сурайт элем», - деп билдирген баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×