Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.09.2018 09:59

Ак-Сууда франциялык турист тоодон кулап кетти (видео)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районуна Франциядан келген турист тоодон кулап түшүп, буту сынды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына окуяга күбө болгон гид билдирди.

Күбөнүн айтымында, франциялык турист — 1988-жылы туулган М.Д. 8-сентябрда гид менен бирге Ала-Көл көлүнө барган.

«Окуя Келдике аймагында болду. Франциялык эс алуучу гиди менен, мен өзүм алып барган эс алуучулар менен жүргөнбүз. Биз 3700 метр бийиктиктен Ала-Көл көлүнө түштүк. Ошол учурда франциялык турист башы менен тоодон кулап түштү. Анын кесепетинен буту сынды. Биз дароо аны жакын жердеги боз үйгө жеткирип, спутник байланыш аркылуу куткаруучуларды чакырдык», - деди күбө.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган адамды Алтын-Арашанга жеткирип, ал жерден күтүп турган тез жардам кызматынын унаасы менен ооруканага алып барышкан. Учурда Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×