Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.09.2018 10:42

Үмүтай Абдышовадан жаңы клип: Түркияда элдик ырларды даңазалап жүргөн ырчы кыздын ички сыры (видео, сүрөт)

Turmush -  Акыркы учурларда кыргыздын улуттук аспаптарынын коштоосунда элдик чыгармаларды кыябына жеткире ырдап, чет өлкөлөргө кыргыздын ыр өнөрүн таанытып жүргөн таланттуу уул-кыздарыбыздан уучубуз кур эмес. Алардын бири – 27 жаштагы Үмүтай Абдышова. Анын менен аймактык кабарчы маектешти.

- Үмүтай айым, кайсы жерде чоңойдуңуз?

- Мен 1991-жылы 25-майда Бишкек шаарында төрөлгөм. Тоң районундагы Кара-Коо деген айылда таятамдын колунда чоңойгом. 7-класстан 11-класска чейин Балыкчы шаарындагы В.И.Ленин атындагы №4 гимназияда окугам. Ошол эле учурда балдар музыкалык мектебинен комуз сабагынан билим алдым. Апам Махабат Бейшеева Балыкчы шаарында балдар билим берүү борборунун жетекчиси болуп эмгектенет. 4 бир тууганбыз. Байкем, мен жана 2 иним бар.

2008-2013-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Манас» университетинде түрк жана кыргыз тилдери боюнча котормо бөлүмүндө окугам. Кесибим тилмеч. Андан соң, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде фольклор кафедрасында дастанчылык боюнча билим алдым. Учурда оркестр-дирижерлук боюнча сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жатам.

- Чыгармачылыкка канча жашыңыздан баштап аралашып калдыңыз?

- Кечинекей чагымда музыкалык мектепте окуганга орун болбогонуна карабай таң атпай туруп, үрүл-бүрүлдө, жылдыз тарай электе барып, билим алганым азыркы сахнага чыгышыма пайдасын тийгизди. Ар бир эле баланын кыялы болот эмеспи. Кайсы кесип болбосун майын чыгара иштеп, таанымал инсан болом дечүмүн. Бала бакчадан баштап эле ырдачумун. Мектеп жашымда көптөгөн сынактарга катыштым. «Манас» университетинде «Дастан» фольклордук ансамбли бар эле, анда солист болчумун. Кийин көптөгөн сынактарга катышып, жеңүүчү болуп жүрдүм. Бирок көксөөмдү суута албай жүрдүм. Ошондуктан кеч болсо дагы ырдашым керек, ырдасам өмүр бою ырдайын деп чечтим. Ошондой эле таенем жамакчы жана ырчы болчу. Өз апам дагы ырдайт, кээде комуз алып төгүп да койчу. Алардын дагы таасири болду деп айтсам жаңылышпайм. Андан сырткары комуз бир топ түрткү болду. Элге сиңген элдик ырларды жаттап алып ырдачумун.

- Алгач чоң сахнага качан чыктыңыз? Ошондон бери канча ыр аткарууга жетиштиңиз?

- Эл артисти Роза Аманова уюштурган «Чабыт» деген теледолбоорго 14 жаштан 30 жашка чейинки улан-кыздар катышып, анын ичинен 9 катышуучу финалга өттүк. Андан соң 5 катышуучу баш байгесиз жеңүүчү аталдык. Ушул долбоордо Роза эже мага «Үмүт, сен жаркылдаган шайыр кызсың. Ушул ырды аткарсаң сонун жарашат» деп, «Күңөтай» деген элдик ырды тандап берген. Долбоордун алып баруучусу Нурдөөлөт Копоев мени сахнага «Өзүнүн аты Үмүтай, ырдаган ыры Күңөтай» деп чакырганы эсимде.

Ырларды, күүлөрдү аткарам. Чет өлкөнүн музыкасын комузда ойнойм. Чопо чоор, сыбызгыда ойной алам. Менин үнүм элдик ырларга жакын болгондуктан элдик ырларды аткарам, жана бир аз эстрадалык багыттагы ырларды аткарып жүрөм. Жалпы аткаруумда 40тан ашуун ырларым бар. Анын ичинде казакча, кыргызча, түркчө ырлар. Ал эми элге таанылганы 10дон ашык.

- Ырчылыктын арты менен кайсы өлкөлөргө барып, талантыңызды тартуулап келдиңиз?

- Ырчылык кесибим боюнча Кытайга бардым, Европанын бир топ өлкөлөрүн кыдырдым. Акыркы жолу жазында Франция, Германия, Нидерланд, Бельгия, Голландия өлкөлөрүнө бардым. Андан сырткары Түркия өлкөсү менен тыгыз байланышта иштеп келем. Анталья, Анкара, Адана, Измир жана башка шаарларын кыдырып чыктым.

Бир жарым айдан ашуун убакыттан бери Түркиянын Мерсин шаарынын мэринин чакыруусу менен кыргыз ырларын даңктап жана түрк элдеринин ырларын ырдап жүрөм. 3 айга келишим түзгөм. Негизи былтыр эле чакырган болчу. Бирок ал жакта коогалаң болуп жаткан учурда бара алган жокмун. Быйыл «Манас» университетинин консерватория кафедрасынын деканы аркылуу таап, кайрадан келишим менен чакырылдым. Бул жерде тамак-ашымдан тарта баары бекер. Ай сайын гонорар беришет. Түрк тилин билүү, түркчө ырларды, элдик ырларды аткаруу, улуттук аспап менен ырдоо боюнча шарт коюлган. Ошол жоболорго туура келгеним үчүн бул жерге келдим. Кыргызстандан келген ырчы дешип жакшы кабыл алышууда.

Мерсин – 2,5 млн калкы бар чоң шаар. Бир топ фестивалдар болду. Мэриянын кандай иш-чарасы болбосун, баардыгына чыгып ырдамай. Жакшы иштерге жол ачылды, Түркиянын эң таанымал ырчылары менен дуэт ырдаганга мүмкүнчүлүк беришти.

Андан сырткары, 2-3-сентябрь күнү Кыргызстандын Түкиядагы элчилиги Анкара шаарына чакырды. Ал жерде «Кыргызстандын кечтери» аттуу чоң программадагы концерт жана башка маданий иш-чаралар белгиленип жатыптыр. Ошол жакка барып, 150 миңден ашуун көрөрмандарга дагы өз талантымды тартууладым.

- Ар бир эле адамдын башында күлкүлүү окуялары же эсте каларлык кызыктуу көз ирмемдери болот эмеспи. Сиз дагы мындай окуяларга туш болсоңуз керек.

- 30-август күнү Түркиянын жеңиш майрамы белгиленди. Аябай чоң майрам, чоң салтанат. Атымды айтып сахнага чакырышты. Комуздун коштоосунда ырдамакмын. Ал жерде 2 микрофон бар. Бирөөсү комузга туураланган, бирөөсү оозума ырдаганга ылайыкталган. Ырдап баштасам эле комуздун үнү чыгып эле, менин үнүм чыкпайт. Аңгыча аппаратура койгон музыкант бала келип калды. Мен аябай жасалгаланып, улуттук кийим кийип, тимеле сулуу болуп алып чыккам. Ал балага ачуум келип, «Мунун эмне үнүн чыгарбай койдуңар!» деп кабагымды карыш түйүп алып урушуп жатам. Видеокамерага тартып жүрүшкөн. Эртеси видеосун көрсөм кебетем укмуш болуп калыптырмын. Аябай жакындан дагы тартышыптыр. Ошондон кийин кандай абал болбосун бир калыпта жүрүш керек экенин, кабагымды бүркөбөшүм керектигин түшүнүп калдым.

Кечээ жакында эле бир жерге барып, ырдаш үчүн сахнага чыгып бара жаткам. Аңгыча сүрөткө түшүп алалы дегендер болуп калды. Сүрөткө түшүп жатсак эле, менин атымды айтып сахнага чакырып калышты. Күйүгүп, демигип эле сахнага чуркап чыктым. Ырдагандан мурун «Мен 5506 км алыстыктагы Кыргызстан өлкөсүнөн келдим, урматтуу ...» деп эле шаардын атын таппай калсам болобу. Бир аз пауза боло түштү. Абалдан чыгыш керек да. Анан «Бул шаардын атын унутуп калдым» деп кыйкырсам, көрүүчүлөр кол чаап, колдоп, шаардын атын айтып кыйкырышты. Абалды жөнгө салып кеттим.

- Ырчылык өнөрдөн сырткары дагы эмнелерге шыгыңыз, жөндөмүңүз бар. Аялзатына тиешелүү кандай жумуштарды аткарып, жасай аласыз?

- Кичинемде таенемдин колунда айылда чоңойгом дебедимби. Анын үстүнө апам кол өнөрчү дагы болуп, боз үйдүн жасалгаларын жасачу. Ошондон улам, аялзатына тиешелүү бардык ишти жасай алам. Шырдак, ала кийиз, боз үйдүн үзүк-туурдугуна чейин жасайм. Тактап айтканда жүндү сабап, жууп, уйгактарын чыгарып, казанга суу кайнатып, кайра чыгарып, тытып, тепкилеп, оймо салып, шырып, жөрмөй алам. Курак кураганды билем. Кичине чагымда эле апамдын курап жаткан курактарын кыйшык болсо деле окшоштуруп курай берчүмүн. Мындан тышкары, түймө түйүп, сайма сайчумун.

- Кайсы тамакты тамшанып жейсиз, кандай тамактарды жасайсыз жана бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?

- Кайсы тамактын түрү болбосун даамдуу жасалса ылгабай жей берем. Көбүнчө эттүү, камыр тамактарды тамшанып жейм. Ал эми тамакты көңүлүм келсе жасайм, келбесе жасабайм. Ашкана иштерин жасай бергенди көп жактыра бербейм.

Бош убакытымда китеп окуганды аябай жакшы көрөм. Өзгөчө китепканага барып, поэзия окуйм. Жакында Мерсин шаардык мэриясынан «Кара жоглан» аттуу китеп белекке беришти. Ошону окуп отурам. Андан сырткары өзүмдүн аткаруумдагы ырларды угам.

- Бул жашоодо эмнеге өкүндүңүз, кайсынысына кубандыңыз жана эмнеден коркосуз?

- Таанымал, кесипкөй инсан болууну кыядалданчумун. Үйдө жалгыз жашасам деп тиленчүмүн. Үйүн жыйнактуу турат, койгон буюмуң койгон жериңден табасың. Эмнегедир ошол кыялымды кудай берип койду. Ушул тилегим кайра артка кайтарылса деп жүрөм. Жалгыздыктан корком.

Көп деле өкүнбөйм. Баардыгын өзүм чечкенге аракет кылам. Бирөөлөр чакырып калса сөзсүз түрдө барууга аркет кылам. Ызаланганда ыйлайм. Азыркы айрым бир адамдарда жоопкерчилик жок. Ошолорго ызаланам. Ошондой эле убактымдын текке кетип жатканына өкүнөм. Ал эми кубанган учурларым өтө көп. Эң биринчи кудай бул жашоого жаратып койгонуна чексиз кубанам. Эл канчалык колдосо, кол чапса ошого да сүйүнөм. Улуттук кийим кийип, улуттук аспап менен чет өлкөгө чыгып ырдап жатканыма, таланттуу болуп жаралганыма кубанам.

- Кандай жерге барып, кандай учурда, кандай атмосферада эс алганды жактырасыз жана жашыруун болбосо айына канча киреше табасыз?

- Көпчүлүк учурда атайын эс алууга деле барбайм. Иш менен барып, ошол жерден эс алууну дагы колго алам. Кыялым – ар дайым мени колдогон адамым болсо, дагы бир өлкөгө эс алып келели десе. Ошондо барат болушум керек. Экзотикалык өлкөлөргө баргым келет. Жай музыканын, скрипканын коштоосунда романтикалуу, кооз жасалгалары менен, эч ким жок ресторанда кече өткөрсөм – мага бул эс алуу.

Ал эми киреше боюнча ар кандай. Кудайга шүгүр. Комуз менен ырдаганым үчүн чакыруулар көп болот. Күнүгө 5 миң сомдон тапсам, 20 күн иштеп, 100 миң сомдой киреше табам.

- Турмушка чыгып, бирок эки айрылыш жолго түшкөн экенсиз. Учурда жүрөгүңүз бошпу же ээси барбы? Колуңузду сурап жаткандар деле көп болсо керек?

- Ооба, «Манас» университетинде 5-курста окуп жаткан учурда Кочкор районунда өскөн жигитке турмушка чыккам. Бирок кандайдыр бир себептер менен эки айрылыш жолго түштүк. Бир уулум бар. 5 жашка толду. Көпчүлүк ажырашып кеткенимди билбейт. Мурун интернеттеги социалдык түйүндөргө баламдын сүрөтүн жүктөчү эмесмин. Учурда колумду сурагандар көп болгондуктан, балам бар дегенчелик кылып, уулумдун сүрөтүн кошо жүктөп коюп жатам.

Негизи үй-бүлө курууга убакыт келди. Бирок «Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет» дегендей көңүлүмдөгү адамды таба албай жатат окшойм. Балким айланамда жүрүшсө деле байкабай калып жатамбы, эмнегедир кабыл ала элекмин. Антсе да, «Мага жар керек» деп кайсы жерге барбайын, кай жерде жүрбөйүн жарнама кылып жатам (күлүп).

Ал тургай, күйөрмандарымдын арасынан дагы колумду сурагандар бар. Бирок өтө жапжаш, менден бир топ жаш кичүү балдар да. Алар азырынча жашоо-турмуштун ачуу, таттуусун билише элек деген ойдомун. Ошондуктан кабыл албайм. Эгер чындап эле «сүйүп калдым, күйүп баратам, сенсиз жашай албай калдым» дегендер болсо, анда менин шарттарыма толук макул болсо кабыл алууга, ага турмушка чыгууга даярмын.

- Үмүтай айым, маегиңизге чоң рахмат. Сизге чыгармачылык зор ийгиликтерди каалайбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×