Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.09.2018 20:08

Кырчында Ош облусунун командасы 150 миң сом менен сыйланды

Turmush -  Кырчын жайлоосундагы III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышканы үчүн Ош облусунун жамааты өкмөт тарабынан 150 миң сом акчалай байге менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Анын айтымында, Ош облусунун жамааты жалпы 11 диплом — I даражадагы 3 диплом, II даражадагы 4 диплом жана III даражадагы 4 диплом менен сыйланды.

Сыйлыктар:

- Көркөм сүрөт сынагынын живопись багыты боюнча 1-орунга Авас Момункулов;

- жөө айтыш боюнча А.Мырзабекова 1-орунга;

- көркөм сүрөт сынагынын скульптура багыты боюнча Мамат Камчыбеков 1-орунга;

- театралдаштырылган улуттук каада-салттар сынагында 2-орунга;

- жүк жыюу боюнча М.Турганбаева 2-орунга;

- кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы боюнча 2-орунга;

- көркөм сүрөт сынагынын графика багытында Ырысбай Төлөнөв 2-орунга;

- кыл аркан сынагы боюнча 3-орунга;

- терме согуу боюнча Б.Термечикова 3-орунга;

- гүлазык сынагы боюнча 3-орунга;

- камчы өрүү боюнча К.Түлекеев 3-орунга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×