Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.09.2018 21:42

Көчмөндөр оюндары: Этнобазардагы кол эмгектер 2 миң долларга чейин бааланды (сүрөт)

Turmush -  Кырчын жайлоосундагы этнобазарга 20дан ашык өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн, усталардын эмгектери коюлду. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылгандан баштап Кырчын этношаарчасында этнобазар уюштурулган.

Анда Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Венгрия, Тажикстан, Германиядан жана башка өлкөлөрдөн келген коноктордун эмгектери сатыкка коюлду. Алар 50 сомдон 2000 долларга чейин бааланганын аймактык кабарчы билдирди.

Этнобазарга келгендер ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн булгаары, жыгач, жүн жана жибектен жасалган эмгектерине кызыгып, талап көп болгону байкалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×