Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.09.2018 13:00

Көчмөндөр оюндары: Казакстандык төкмө акын М.Аканов XII эл аралык айтышта 1-орунду алды (сүрөт)

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этношаарчасында маданий иш-чаралар улантылып жатат. Кечээ, 5-сентябрда төкмө акындардын айтышы өтүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, XII эл аралык айтышка Казакстан менен Кыргызстандын 16 төкмө акыны катышып, алардын ичинен финалга 8 акын чыккан. Кыргызстандан — Асылбек Маратов, Кубат Тукешов, Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, ал эми Казакстандан — Айбек Калиев, Максат Аканов, Биржан Байту, Аспанбек Шугатаев. Жыйынтыгында Максат Аканов 1-орунду алды.

16 катышуучунун баары ардак грамоталар жана 30 миң сом менен сыйланышты. Ал эми баш байгеге 200 миң сом, 1-орунга 150 миң сом, 2-орунга 100 миң сом жана 3-орунга 80 миң сом байге коюлган.

Максат Акановдун айтымында, 20 жылдан бери эл алдында чыгып, атаандаштары менен күч сынашып келет.

«Баш байгени алганыма абдан толкунданып, кубанып жатам. Мындай болот деп күткөн эмесмин. Адилеттүү калыстар тобуна ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Максат Аканов 1881-жылы Казакстандын Караганда облусунда төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×