Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.09.2018 11:25

Сүрөт — Кырчындагы көпүрөдөн кулаган киши ташка урунуп, эс-учун жоготкон

Turmush -  Кырчын жайлоосунда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 62 жаштагы тургунунун өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 5-сентябрда Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери — Азамат Дамиров менен Адилет Коңуратов Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын жанындагы көпүрөдө коомдук тартипти көзөмөлдөп, кызмат өтөп жатышкан.

Саат 10:00 чамаларында адамдардын тобу көпүрөдөн өтүп, этношаарчага бара жатышканда алардын бири сууга кулап кеткен. Ал ташка урунуп, эс-учун жоготкон. Милиция кызматкерлери ага өз убагында жардам берип, аны куткарып калышты. Өз учурунда көрсөтүлгөн жардамдын натыйжасында адам өмүрү сакталып калды.

Куткарылган жаран Ысык-Көлдөгү Бостери айылынын 62 жаштагы тургуну Бегалы Апсаматов экени такталган. Милиция кызматкерлери аны куткаргандан кийин дарыгерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан кийин тааныштары үйүнө алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×