Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 23:10 На русском

Кырчын жайлоосунда «Тойота Ленд Крузер» оодарылып кетти

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Кырчын жайлоосунда «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткенини жол кырсыктын күбөлөрү аймактык кабарчыга билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсык 3-сентябрь күнү саат 23:30 чамаларында Семеновка–Ак-Суу унаа жолунда катталган. Айдоочу башкаруусун жоготуп, андан кийин унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, унааны Ош облусунун тургуну башкарып бара жаткан. Жол кырсыктан оор жаракат алгандар жок. Окуя болгон жерге атайын техника тартылган.

Аталган тилкеде бүгүн, 5-сентябрда 3 унаанын катышуусунда жол кырсык болду. Болжолдуу маалыматтарга караганда, «Фольксваген Гольф» унаасы «Фольксваген Пассат» менен кагышып, андан кийин каршы тилкеге чыгып, «Субару Форестерди» сүзүп токтогон.

Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Ананьев айылындагы ооруканага жеткирилди. Ал эми топтолгон материалдар Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×