Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 18:54 На русском

Сүрөт — Кырчын жайлоосунда эки унаа кагышты, жабыркагандар бар

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Кырчын жайлоосундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жүргүнчүлөр жаракат алды. Окуя бүгүн, 5-сентябрда саат 17:00 чамасында болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кырчын жайлоосундагы этношаарчага барчу жолдо «Фольксваген Гольф» менен «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен унаадагы жүргүнчүлөр, ошондой эле айдоочулар оор абалда Ысык-Көл районунун Ананьев айылындагы ооруканага жеткирилди.

Азырынча жабырлануучулардын абалы тууралуу кененирээк маалымат жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×