Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 18:38

Көчмөндөр оюндары: Кара-балталык жубайлар кызынын тушоосун кесишти (сүрөт)

Turmush -  Кырчын жайлоосундагы этношаарчадагы Ысык-Көл облусунун ордосунда тушоо кесүү салты көрсөтүлдү. Кара-балталык жубайлар — Чыңгыз Өмүркулов менен Чолпонай Сыдыгалиева кызы Дарыянын тушоосун кесишти.

100дөн ашык апанын катышуусундагы тушоо тойго чуркоо үчүн келгендер арбын болду. Жыйынтыгында 1-орунга чыккан жеңүүчүгө нан бышыргыч, андан кийинки орундарга баалуу белектер берилди.

Жубайлар кызына бата алуу үчүн атайын Кырчын жайлоосуна келишкен. Алардын улуу баласы Нурсултан 5 жашта. Ал эми Дарыя алардын экинчи наристеси. Тушоо тойго жубайлардын Москва шаарынан келген өкүл ата-энеси да катышты.

Буга чейин ордолордун эң чоңун түптөгөн Ысык-Көл облусунун тургундары күйөө баштык сатуу, баланы бешикке салуу жөрөлгөсүн жана кыз узатуу салтын көрсөтүп беришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×