Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 16:55

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көл ордодо кичинекей Азаматты бешикке салышты (сүрөт, видео)

Turmush -  Кырчын жайлоосундагы этношаарчадагы Ысык-Көл облусунун ордосунда Түп райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери баланы бешикке салуу жөрөлгөсүн көрсөтүп беришти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Коноктордун катышуусунда жубайлар — Нурбек Токтосунов менен Мунара Баялиеванын уулу Азаматты бешикке бөлөштү. Анда атайын арча бешик даядалып, баардык ырым-жырым жасалып, балбан уул болсун деп балта, керки куржунга салынды. Ал эми Азаматтын ата-энеси кой союп, меймандарды коноктошту.

Түп районунун акими Элчибек Жантаев район III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына мыкты даярдыкта келгенин белгилеп, 15 боз үй тигилгенин кошумчалады.

Буга чейин ордолордун эң чоңун түптөгөн Ысык-Көл облусунун тургундары күйөө баштык сатуу жөрөлгөсүн көрсөтүп беришкен болчу.

Ал эми кечээ, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун ордосунда Тоң райондук маданият үйүнүн кызматкерлери кыз узатуу салтын көрсөтүп беришти.

22 жаштагы Айнураны турмушка узатуу иш-чарасына 20дан ашуун маданият кызматкерлери катышты. Анын алкагындагы дастан айтуу, шайыр жеңе менен эрке баланын ыр-бийлери конокторду көңүл кош калтырган жок. Эки сааттан ашык убакытка созулган кыз узатуу салтына чет элдик коноктор да күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×