Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 15:12

Көчмөндөр оюндары: Иран күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Кечээ, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иран күрөшү боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке 25 мамлекеттен 48 спортчу катышкан. Турнирде бардык алтын медалдарды Ирандан келген балбандар утуп кетти. Ал эми кыргызстандыктардын ичинен жалгыз күмүш байгени 70 кг чейинкилер арасында күч сынашкан Курбат Азизбаев утту.

70 кг чейинкилер арасындагы жыйынтык:

1-орун – Мухаммед Надери – Иран – 70 миң сом;

2-орун – Курбат Азизбаев – Кыргызстан – 35 миң сом;

3-орун – Жалал Сулейманов – Азербайжан – 17 миң 500 сом;

3-орун – Арслан Серхат – Түркия - 17 миң 500 сом.

80 кг чейинкилер арасындагы жыйынтык:

1-орун – Омид Хасан Табар Желодар – Иран - 70 миң сом;

2-орун – Парчат Биахимов – Түркмөнстан - 35 миң сом;

3-орун – Мин Ганбаяла – Кытай - 17 миң 500 сом;

3-орун – Айвар Хасанов – Тажикстан - 17 миң 500 сом.

Оор салмактагылар арасындагы жыйынтык:

1-орун – Жабер Садегзаде – Иран - 70 миң сом;

2-орун – Серик Бередмурат – Моңголия - 35 миң сом;

3-орун – Роман Бакиров – Азербайжан - 17 миң 500 сом;

3-орун – Иван Влагоев – Болгария - 17 миң 500 сом.

Жалпы командалык эсеп:

1-орун – Иран (3 алтын);

2-орун – Түркмөнстан (1 күмүш жана 1 коло);

3-орун – Кыргызстан (1 күмүш).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×