Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 14:22

Казакстандын көк бөрү боюнча командасы Көчмөндөр оюндарындагы алгачкы мелдеште жеңишке ээ болду

Turmush -  Бүгүн, 5-сентябрда Казакстандын көк бөрү боюнча командасы Көчмөндөр оюндарындагы алгачкы мелдешин өткөрүп, жеңишке ээ болду.

Казак көк бөрүчүлөрү Красноярск аймагынын командасына каршы чыгып, 15:3 эсебинде жеңишке ээ болушту. Казакстанга аталган упайдын 12 упайын Курманбек Турганбек алып келди. Казакстандын командасы бүгүн саат 15:00дө кайрадан АКШнын командасына каршы мелдешке чыгат.

Көк бөрү боюнча мелдешке жалпы 11 команда катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×