Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 11:17

Көчмөндөр оюндары: Түптүк мугалим Б.Убайдуллаев өзү жасаган ат жабдыктарын сатууда

Turmush -  Түп районунун Түп айылынын тургуну Батталгазы Убайдуллаев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, териден жасалган ат жабдыктарын сатып жатат. Ал учурда Кайкин орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет.

Өзүнүн айтымында, I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 70, ал эми экинчисинде 100 камчынын ар бирин миң сомдон саткан. Быйыл да 7 түрлүү камчыдан 100 даана алып келген. Бирок камчынын саны көп болгондуктан ар бирин 800-1000 сомго баалап жатат.

«Мындан тышкары ат жабдыктарын, жүгөндөрдү 2 миң сомдон, куюшкан менен көмөлдүрүктөрдү 1 миң сомдон, жааны 8 миң сомдон сатуудамын. Кесиптешим Муктар Мендуулатов экөөбүз 110 миң сомдук ээр токумду сунуштасак, алыскы Алайдан келген аксакалдар акча алып келип, сатып алмай болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×