Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 10:51

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көл ордодо 22 жаштагы Айнураны турмушка узатышты (сүрөт, видео)

Turmush -  Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маданий иш-чаралар улантылып жатат. Кечээ, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун ордосунда Тоң райондук маданият үйүнүн кызматкерлери кыз узатуу салтын көрсөтүп беришти.

22 жаштагы Айнураны турмушка узатуу иш-чарасына 20дан ашуун маданият кызматкерлери катышты. Анын алкагындагы дастан айтуу, шайыр жеңе менен эрке баланын ыр-бийлери конокторду көңүл кош калтырган жок. Эки сааттан ашык убакытка созулган кыз узатуу салтына чет элдик коноктор да күбө болушту.

Иш-чара «Тоң мекеним» аттуу райондун гимни менен жыйынтыкталды. Андан кийин көпчүлүктүн суроосу боюнча бий кечеси уюштурулуп, түнкү оюндар бий менен улантылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×