Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.09.2018 08:43 На русском

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен юристтин денеси табылды

Turmush -  Ысык-Көлгө июль айында чөгүп кеткен юрист Александр Стручалиндин денеси табылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, денени кечээ, 4-сентябрда Жети-Өгүз районундагы жергиликтүү тургундар табышкан.

А.Стручалин бүгүн, 5-сентябрь күнү Каракол шаарында акыркы сапарга узатылат.

Буга чейин Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп каза болгон адам жактоочу экени маалым болгон. Ал кырсыкка чейин көлдө бузулуп калган скутердеги аялга жардам берүү үчүн бараткан эле.

Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айтымында, маркум достору менен Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы пансионаттардын бирине жакын аймакта эс алып жүргөн. Ошол учурда белгисиз себептер менен көлдө бузулуп калган скутердеги аял тарапка сүзүп бара жатып, бирок жээктен 50-60 метрден кийин сууга чөгүп кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал сууга чөккөн жердин тереңдиги 40 метрден ашат.

41 жаштагы Александр Стручалин юридикалык кызматта юрист болуп иштечү. 2016-жылы вице-премьер-министр Олег Панкратовдун коомдук башталыштагы кеңешчиси, Каракол шаарынын ишкерлер бирикмесинин төрагасы болгон. Ошондой эле, Каракол шаарында «Ишкерлердин укуктарын коргоо» коомдук бирикмесин жетектеп келген.

Аны издөө иштери үчүн Россиянын аскер-деңиз флотунун «Кай-Сары» куткаруучулар базасынан куткаруучулар келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×