Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2018 16:13 Жаңыланды: 04.09.2018 16:46

Көчмөндөр оюндары: 7 жаштагы окуучу 4 гиряны бир көтөрдү (видео)

Turmush -  Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан III Көчмөндөр оюндарынын алкагында Ош шаарынан келген 7 жаштагы окуучу 32 кг салмактагы гиряны көтөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында дар оюндарын бир гана Ош шаарынан келген дарчылар (дарда оюн көрсөтүүчү адам) көрсөтүштү.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ош шаарынан дарчыларды алып келгенбиз. 7 жаштагы бала бир убакта 8 кг гирядан төртөөнү көтөрүп, баарын таң калтырды. Ал тиши менен бирди, эки колуна бирден жана бир буту менен бир гиря көтөрдү. Өзүнүн салмагы 20 кг ашык болсо, ал 32 кг гиряны көтөрө алды», - деди А.Абсаттаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×