Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2018 14:21

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көл ордосу конокторду сабадагы кымыз менен сыйлап жатат (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын эли Кырчын жайлоосундагы Ысык-Көл ордосуна 125 боз үй тикти. Алар конокторго сабадан кымыз куюп берип, сыйлап жатышат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ошондой эле алар боз үйлөрдүн ичине териден жасалган саба, чыны, көөкөр сыяктуу 17-кылымга таандык буюмдарды коюшкан. Муну менен катар эле боз үйлөрдү ижарага да беришүүдө. Кызыл-Туу айылынын боз үйлөрүнө келгендер арбын болууда.

Ал эми 20 жылдан бери чий токуган кол өнөрчү Майрам Ташбаева 18 метрлик чий токуп жатат. Ал чий боз үйдүн канаты болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×