Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2018 12:51 На русском

Көчмөндөр оюндары: 7 айлык кош бойлуу Лилиана Башкортостандан мелдешке катышуу үчүн келди (сүрөт)

Turmush -  25 жаштагы Лилиана Ихсанова III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү жаа атуу боюнча мелдешке катышат. Ал 7 айлык кош бойлуу. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Лилиана жолдошу Руслан менен Башкортостан Республикасынын Учалы шаарынан келген. Жаа атууну жолдошунан мындан 2 жыл мурун үйрөнгөн.

«Мен 25 жаштамын. Жаа атууга жолдошум кызыккандыктан мен да үйрөнүп алдым. Улуу кызым 6 жашта, ал да жаа атуу менен алектенет. Ал жаш балдардын сынагына катышып, жеңүүчү болгон. Ал эми уулум 4 жашта, ал да жаа атууга кызыгып баштады», - деди ал.

Лилиананын үй-бүлөсү бир нече жолу эл аралык мелдештерге катышып, жеңүүчү болгон. Алар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жакшы даярдык менен келишти.

«Бизде мелдештер көп өтөт, көбүнчө жайында ар бир эки жумада өтүп турат. Үйдө балдар менен алекмин. Көчмөндөр оюндарына катышуу алгач жомок сыяктуу болуп жаткан. Бирок биз даярданып, акыркы күнгө чейин күттүк. Албетте, менин абалым биз үчүн абдан маанилүү болду. Жолдошум абдан кабатыр болуп, керек болсо сынакка катышуудан баш тарталы деп жатканбыз. Бирок биз тандоо турунан өтүп, 1-орунду алдык. Ошондуктан келгенибизге кубанычтабыз», - деди ал.

Лилиана өзүнө жана жолдошуна улуттук кийим тигип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×