Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2018 12:38

Сүрөт — Кырчындагы этношаарда «Салбурун» фестивалы башталды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосундагы этношаарда 4-сентябрда «Салбурун» эл аралык фестивалы башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кыргызстандын салбурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов билдирди.

Анын айтымында, бул жылы этношаарда 4-сентябрдан 6-сентябрга чейин өтө турган мелдештин катышуучулары эки эсеге чейин көбөйгөн.

«Мурунку оюндарда 70 гана жаачы болгон, бул жылы ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаачылардын саны 150 адамга жетти. Алардын көбү салттуу жаа атуу боюнча келишти. Биз фестивалды жогорку деңгээлде уюштурууга аракет кылдык. Бүгүн мүнүшкөрлөр жана таза кандуу тайгандарын жетелегендер келишти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×