Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2018 12:22 На русском

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көл ордодо уруу башчысынын уулунун үйлөнүү тою өтөт (сүрөт)

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда маданий иш-чаралар улантылууда. Ал эми Ысык-Көл ордодо эртең, 5-сентябрда түндүк көтөрүү иш-чарасы көрсөтүлө турганын облустун башкы режиссеру Алик Асанов билдирди.

Анын айтымында, түндүк көтөрүү иш-чарасына 500 адам катышат. Алардын арасында облустун бардык район-шаарларынын маданият кызматкерлери жана 125 шайыр апа бар. Ошондой эле 60 комузчу «Таң булбулу» күүсүн чертип, уруу башчынын уулунун үйлөнүү тою өтөт.

Буга чейин ордолордун эң чоңун түптөгөн Ысык-Көл облусунун тургундары күйөө баштык сатуу жөрөлгөсүн көрсөтүп беришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×