Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2018 13:27

Көчмөндөр оюндары: Нарындык М.Жакыпов мелдешке катышуу үчүн таза кандуу тайгандарды алып келди (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын 33 жаштагы тургуну Майрамбек Жакыпов III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүүчү мелдешке 2 тайган алып келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Майрамбек Жакыпов муну менен Көчмөндөр оюндарына 3-ирет келип жатат. Ал биринчисинде кыргыз тайгандарын алып келип, сынакка катышкан.

«Биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндарында мен алып келген кыргыз тайгандар жарышка катышкан. Бул жолу алардын балдарын — Алгыр менен Тантунду алып келдим. Алардын ээси Салбурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов. Тайгандарды Россиядан келген комиссия баалай турган сынакка даярдадам. Алардын сырткы келбети, кыймылы бааланат. Менин тайгандарым 1-орунду алат деп ойлойм. Андан кийин тайган жарыштырууга да катышабыз», - деди ал.

Анын айтымында, таза кандуу тайгандарды 9-классынан тарта багып келет.

«Чоң атам, атам, агаларым таза кандуу тайгандарды кармашкан. Үй-бүлөм кыргыз тайгандарды жакшы көрүшөт. Анткени алар акылдуу жана ээсине берилген болушат. Учурда Алгыр аттуу тайганым 1 жашта. Ал акылдуу, машыккан жана кыргыз ити болгондуктан бул оюндарда эң мыкты аталат деп үмүттөнөм», - деди ал.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу ишин 100 упайга баалаган М.Жакыпов: «Алар кыргыз элинин жана көчмөндөрдүн маданиятын даңазалашты. Биз кыргыздар каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды унутуп калган учурлар болгон. Айрым салттар көлөкөдө калып, ата-бабаларыбыздын иштерине көңүл бөлбөй калганбыз. Бул оюндардын арты менен өзүбүздүн башталышыбызга келип, тойлордо кереметтүү салттарыбызды колдонуп жатабыз. Кыздарыбызды турмушка кайсы бир мезгилде унутта калган кыргыз салты менен менен узатуудабыз. Бул оюндар биздин жана көчмөндөрдүн салтын кайрадан калыбына келтирди.

Бүгүн бул жерде өздөрүнүн көчмөн цивилизациясы, эли тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берген көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрүн көрүп турам. Улуу кыргыз элим менен сыймыктанам. Анткени кичинекей мамлекет болсок да, бул оюндар биздин өлкөдө өтүп жатат. Жүздөгөн адамдар Кыргызстанга келип, көчмөн цивилизациясынын кайра жандануусун көрүп жатат», - деди.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×