Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2018 08:51 На русском

Көчмөндөр оюндары: У.Өмүрбеков эр сайыштын эрежелерин жазып, баатырлар мелдештерге чыгууда (видео)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында чоңойгон 27 жаштагы Улукбек Өмүрбеков эр сайыш оюнунун эрежелерин жазып чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын өзүнүн айтымында, кыргыздын улуттук оюндарынын бири болгон эр сайыш акыркы кездери ойнолбой калганына кейийт. Бул оюндун эрежелерин 2 жыл бою жазып чыккан. Кыргыздардын улуттук оюндарына кызыккандыктан кыргыз элинин тарыхын жана «Манас» эпосун окуп чыгып, эр сайыш федерациясын түптөгөн. Федерациянын курамында жалпы 20 адам бар. Алар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы Манастын 40 чоросунун ролун аткарышты. Бул чоң иш-чарага катышкан жигиттердин башка баатырлардан айырмасы алар кагандын негизги ишеничтүү баатырлары болгонунда. Эр сайышка бир гана мырзалар эмес, кыздар да кызыгып, келебиз дегендер бар. Эр сайыш федерациясына 18 жаштан 50 жашка чейинкилер мүчө боло алат.

«Мындан 2 жыл мурун Москвада мигрант болуп иштеп келдим. Ошол кезде жакшы идея келип, эр сайыш оюнунун эрежелерин жазып чыктым. Өзүм 8 жылдан бери спорт менен машыгам. Андыктан эр сайыш федерациясын түптөө кичинекей кезимден эле койгон максатым болчу. Оюндун эрежелерин жазуу алдында Жусуп Мамайдын «Манас» эпосу боюнча жазган акыркы вариантын, тарыхый китептерди толугу менен окуп чыктым. Эр сайыш федерациясынын мүчөлөрү быйылкы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын этношаарчасынын ачылышында кагандын ишенимдүү жоокерлери болушту. Эр сайыш оюнун документ кылып жазып чыгып, мамагенттикте бет ачар жасап, ошолордун жактыруусу менен Көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомо алдым. Эр сайышты кыргыздын улуттук оюндарынын бири катары эрежесин иштеп чыктым. Биз бул жактан чындыкка жакын кылып, чыныгы эр сайышты көрсөттүк. Мындан ары дагы жеңил-желпи кылып чоң аш-тойлордо эр сайыш оюну ойнолуп турат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле эр сайыштын эрежелерин айтып берди.

«Бул оюндун эрежелерин жазганда аттын жабдыктарынан баштап, кишинин кийимдерине чейин карадык. Коопсуздук маселесин эске алдык, себеби адамдын ден соолугуна кооптуу. Бирок эрежесин жеңилирээк кылдык. Атаандаштын башына, белден ылдый жана минип турган атка сайганга болбойт. Эгер тыюу салынган жерлерге сайса упайы кемитилип, эскертүү берилет. 2 жолу кайталанса оюндан четтетилет. Оюн 3 айлампадан турат. Башында бири-бири менен учурашып, анан чаап кетип сайышат. Эгер оодара сайып салса оюн токтойт. Эгер бирин-бири саюу менен улана берсе упай топтолуп, оюн улана берет», - деди ал.

Улукбек Өмүрбеков спортко кызыгып, көп ийгиликтерди жаратып келет. Ал эрежесиз эр таймаш боюнча Кыргызстандын 3, Москванын 3 жолку чемпиону.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×