Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.09.2018 16:34

Жети-өгүздүк кол өнөрчүлөр Көчмөндөр оюндарынын эн белгиси түшүрүлгөн ала кийиз жасашты (сүрөт)

Turmush -  III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан маданий иш-чараларга Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын кол өнөрчүлөр жамааты мыкты даярдыкта келишкен. Алар Көчмөндөр оюндарынын эн белгиси басылган ала кийиз жасашты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кол өнөрчүлөрдүн жамаатынын курамындагы 17 апа кыргыз боз үйүн тигип, 17-18-кылымдарга таандык буюмдарды көргөзмөгө коюшту. Муну менен катар ийик ийрип, Көчмөндөр оюндарынын эн белгиси түшүрүлгөн ала кийиз жасашты.

Кол өнөрчү апалардын жаш курагы 40 жаштан 80 жашка чейин. Апалар жасаган ала кийизге кызыккан чет элдиктер арбын болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×