Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.09.2018 17:31

«Көчмөндөр ашканасы»: Кырчында 6 өлкөнүн ашпозчулары катышкан сынак өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ашканасы» аталышындагы сынак өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Этношаарчада дүйнөнүн 6 өлкөсүнүн ашпозчулары үчүн сынак уюштурулган. Алар жайлоодо көчмөндөрдүн тамак-ашын бышырып жатышат.

«Мен Өзбекстандын ашпозчуларынын ассоциациясынын атынан келдим. Өзүм башкы ашпозчумун, окуучуларымды да алып келдим. Алар музоонун этинен тамак жасашат. Бирок бул тамактар заманбап ашканадан эмес. Алар биздин ата-бабалар бышырган тамактар. Биз анын жасалуу жолун өзгөрттүк, бирок ошол эле азыктар кошулат», - деди 20 жаштагы өзбекстандык ашпозчу Ахмад Хамдамов.

Өзбекстандык ашпозчулар кургатылган жемиштер, кургатылган шабдалы жана башкалар кошулган тамактарды бышырышат. Сынактын экинчи бөлүгү эртең өтүп, ашпозчулар койдун этинен тамак жасашат.

«Эртең ар бир команда бирден кой союп, андан көчмөндөрдүн тамак-ашын бышырышат. Андан кийин сынактын жыйынтыгы чыгып, кубок, медалдар тапшырылат», - деди ал.

Сынакка Сауд Арабия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Румыниянын ашпозчулары катышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×