Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.09.2018 10:14

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк А.Казакбаева 17-кылымга таандык чепкен жана көшөгөнү сактап келет (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынын тургуну Аида Казакбаева 17-кылымга таандык чепкенди сактап келет. Ал чоң кайын аталарынын касиеттүү чепкени тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, аталган чепкен ооруларга даба болгон.

«Бул чепкен 4 атадан өткөн. 17-кылымда жашаган касыйдачы, молдонун төө чепкенин жеңем Бегай экөөбүз сактап келебиз. Бизге чейин да апаларыбыз сактап келишкен экен. Чепкен төөнүн жүнүнөн өзгөчөлөнүп тигилген. Канча жылдар өтсө да эскирбей, муундан-муунга сакталып келет. Чепкен чыныгы касиеттүү, анткени анын этегинен кесилген кесиндини тургундар талма, богок, баш, жүрөк ооруларга даба катары колдонушкан. Өзгөчө кичинекей балдардын жүрөгү түшкөндө ырымдашат экен. Касыйда (куран) окуган чоң атабыз убагында күчтүү молдо болуп, ооругандарды айыктырып, бир топ ооруларды ырымдап, куран окуу менен дартка даба издеген адам болгон экен. Азыр бул чепкен Бегай жеңемдин колунда. Чепкендин этеги кесилип турат. Убагында чоң энелер ырым кылып, ооругандарды дарылачу экен. Жеңем чепкенди ар дайым өйдө илип, кичинекей балдарга карматпай сактайт. Ошондой эле 17-кылымга таандык көшөгө да бар», - деди ал.

Аида Казакбаева чепкенди Эгемендүүлүк күнүндө өткөн көргөзмөгө алып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×