Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 06.10.2018 00:44

Жеңеке: Тоңдук М.Алюлдаева жаңы келин болгондо жолдошу экөөнү чөп басып калганын эч унутпайт (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Балыкчы шаарынын 38 жаштагы тургуну Мээрим Алюлдаева. Ал И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экология факультетин аяктаган.

Мээрим жеңе Тоң районунун Кара-Коо айылынын 1976-жылы туулган тургуну Жанат Асанбаевге турмушка чыккан.

«2001-жылы 21 жашымда турмушка чыктым. Мен өтө ачык-айрым кыз элем. Жолдошум үйлөнөм деп өзүнө ылайыктуу жубай издеп жүргөн кези экен, капыстан курбу кызым экөөбүз таанышып калдык. Жолдошум бир мүнөз, көтөрүмдүү, аз сүйлөп, көп тыңшаган адам. Сүйүүсүн билдире албай көпкө келип жүрдү. Кийин белек берип баштады. Ошентип турмушка чыгууну сунуштады, мен анда макул болгон жокмун. Бирок ага карабай, эки күндөн кийин ага-жеңелери менен келип, колумду сурап, ошол күнү эле алып кетишти.

Учурда жолдошум экөөбүз жер иштетебиз, малыбыз бар. Ал абдан иштерман адам», - деди ал.

Турмушка чыккандан кийинки кызыктуу окуяларды да айтып берди.

«Мен жаңы келин болуп келдим. 3-4 күн өткөндөн кийин кошуна айылдан жолдошумдун досу, апасы, келинчеги болуп мени көргөнү келишти. Аны кайын агаң деп тааныштырышып, мени жүгүнтүштү. Тамак бышар убакыт болуп калган. Жолдошума окшош кийинген адам босогодо бут кийиминин боосун байлап жатыптыр, аны жолдошум экен деп аркасынан кучактап, бир нерселерди сүйлөсөм жооп бербейт. Бир маалда ал чочуп кетип мени карады, мен аны карасам мен жүгүнгөн кайын ага экен. Уялган бойдон көшөгөгө кире качтым. Тамак берерде уялып, чыкпай койдум. Коноктор кетип, ал келинчеги менен калган. Ал дагы аябай куудул экен. «Бул кандай келин, чоң эле кишини кучактап, мен да аялым экен деп тура бериптирмин», деп баарын күлдүрдү. Жаңы келин болуп келгендеги окуялар эстен эч качан кетпейт.

Бир жолу жолдошум талаага чөп тартканы кетмей болду. Мен да барайын деп сурансам макул болду, ат араба менен талаага бардык. Чөптөрдү жүктөп, экөөбүз чөп үстүндө отурдук. Чөп өтө бийик болчу, келе жатсак эле чөп ооп, бизди басып калдык. Мен тумчугуп калам го ойлогом. Эптеп чыкканбыз. Ошондон кийин талаага ээрчибей калгам.

Келечекте боз үй, шырдак жасап чыгарган чакан ишкана ачууну пландап жатам», - дейт ал.

Мээрим жеңе учурда үч кыз, эки уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×