Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.08.2018 08:03 На русском

Ысык-Көлдө жүргүнчүлөр бара жаткан унаа 3 жолу ала салып кетти (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда жол-транспорт кырсыгы катталып, унаа 3 жолу ала салып кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, унаанын ичиндеги адамдар аман-эсен. Кырсык Ак-Суу районунун Маман айылына жакын жерде болгон. Белгисиз себептерден улам «Тойота Эстима Аэрас» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, ал 3 жолу ала салып кеткен. Кырсыктан жабыр тарткандарга медициналык тез жардам кызматы жардам көрсөттү. Айрым жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×