Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 27.08.2018 16:17 На русском

Кафедеги жолугушуу сот менен аяктады: Мушташка Мээрим башка жигит менен отурганы себеп болгон

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Балыкчы шаардык соту айыпталуучу Темирланга карата (ысымы өзгөртүлдү) чечим чыгарды. 20 жаштагы айыпталуучу буга чейин да сот жоопкерчилигине тартылган, деп айтылат соттун токтомунда.

Окуя тууралуу:

2018-жылдын 4-мартында Темирлан Балыкчы шаарындагы кафеге Мээрим менен жолугушуу үчүн барган. Ал кафеден Мээрим менен 26 жаштагы Асыл (ысымы өзгөртүлдү) бирге отурганын көргөн. Ошол учурда кызды кызганганынан Асылга кол көтөрүп, ур-токмокко алган.

Ал эми сот залынан айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучудан кечирим сурады.

Жыйынтыгында сот Темирланды 3 жылдык сыноо мөөнөт менен 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×