Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.08.2018 11:11

Ысык-Көлдө «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун өкүлдөрү деп шектелген адамдар кармалды

Turmush -  Кечээ, 24-августта Ысык-Көл облусунда «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун өкүлдөрү деп шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, кечээ чек арачылар ИИМ кызматкерлери менен биргеликте «Биримдик 2018» деп аталган операция жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Түп жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары текшерилип, үйлөрүнөн кыргыз, орус, араб тилиндеги экстремисттик мүнөздөгү жазуулар бар көптөгөн баракчалар, USB-флешка, DVD-дисктер, фото жана видео материалдар табылды. Алынган материалдар тиешелүү экспертизадан өткөрүлүшү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×