Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 21.08.2018 11:32 Жаңыланды: 02.11.2018 14:10 На русском

Фото — «Ак кемедеги» Момун чалдын көзү өткөндөн кийин үйү каралбай, небересинин тагдыры оор болду

Turmush -  Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин «Ак кеме» тасмасындагы Момун чал менен 6 жаштагы Нургазынын тагдыры чыныгы жашоодон алынган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Түп районунун Кең-Суу айылынын тургуну Ш.Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, бул окуяны ага залкар жазуучу Ч.Айтматов менен жолуккан ыраматылык атасы айтып берген.

«Менин ыраматылык атам Бектурган Сыдыковдун айтуусунда, залкар жазуучу Ч.Айтматов 1969-жылы Түп районуна келген экен. Ошол учурда Санташ совхозунун башкармасы Владимир Зайдулин болсо, аталган совхоздун профсоюз уюмунун төрагасы менин атам Бектурган Сыдыков болуптур.

Ч.Айтматов Түп районунун Санташ айылынын Чоң-Бет коктусуна балбал таш (байыркы жана орто кылымдарга таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер) алуу үчүн келген экен. Ошол тапта башкарма атама жана совхоздун жумушчусуна жазуучуга балбал таш алып берүү үчүн Чоң-Бетке жибергенин айтат.

Ч.Айтматов ошол учурда 40 жашта экен. Чоң-Бетти аралап жүрүп Момун чалга жолугуп, экөө Түп суусун бойлоп, 5 сааттай маектешип кеткенин айткан.

«Ак кеме» чыгармасындагы Момун чал ошол тапта Чоң-Бетте небереси Элдос чыгармадагы Нургазы менен бирге жашачу экен. Момун чал Ч.Айтматовго өзүнүн башынан өткөнүн айтып, небереси Элдос тууралуу кеп козгоптур. Чыгармадагы Орозкул Садыр аттуу киши экенин айтып бериптир. Момун чал Бугу уруусунун келип чыгышы, «Бугу Эне» жомогу тууралуу кеңири айтып берген учурда жазуучу 6 сааттай убакытта Момун чал менен маектешип, балбал таш албастан борборго кайткан экен. Ошол тапта Момун абышка небереси Элдос менен Чоң-Беттеги үйүндө жашачу. Момун чал менен болгон маегинен соң Ч.Айтматов 3 ай аралыгында «Новый мир» журналына орус тилинде «Жомоктон кийин» (После сказки) деп жарыяланып, андан соң «Ак кеме» деген ат менен 1978-жылы кыргыз тилинде жарык көргөн эле.

Учурда Момун чал жашаган үйдө небереси Элдос чыгармадагы Нургазы эскилиги жетип, каралбай калган тамда жашайт. Момун чалдын көзү өткөндөн кийин Элдостун тагдыры татаал болду. Мамлекет тараптан көнүл бөлүнүп, ошол Момун чалдын үйү оңдолуп, музей болсо деген тилектебиз», - дейт Шүкүрбек Сыдыков.

Ал эми Санташ айылынын тургуну Совхоз Түлөбердиев Момун чал өзү куудул, санжыраны мыкты билген адам болгонун эскерет. Анын айтымында, Момун чалдын көзү өткөн соң жээн небереси Элдостун тагдыры оор болуп, үйү да каралбай калганына жергиликтүүлөр абдан кейишет.

«Ошентип улуу жазуучу Ч.Айтматов Момун чал менен 6 сааттык маектешүүдөн кийин дүйнөлүк деңгээлдеги «Ак кеме» чыгармасын жараткан экен», - дешет тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×