Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.08.2018 17:37

Жети-Өгүздө Карга акенин 300 жылдыгына карата улуттук оюндардын мелдеши өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылында Карга Акенин 300 жылдык мааракесине карата мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн нускоочусу Сагынбек Жумаев билдирди.

Анын айтымында, эки күнгө созулган мелдештин ачылышы бүгүн болду. Анда улуттук спрот оюндары боюнча 16 команда күч сынашат. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок, медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланышат.

Карга Акенин 300 жылдык мааракесине арналган мелдештер август айынын соңуна чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×