Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Караколдун мэрине ишенбөөчүлүк көрсөткөн депутаттардын сунушун премьер-министр колдогон жок

Turmush -  Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча шаардык кеңештин сунушу премьер-министр тарабынан колдоо тапкан жок. Turmush басылмасына маалым болгондой, мындай чечим кечээ, 9-августта кабыл алынган.

Данияр Арпачиев.gif

---------------------------------------------------------------------------------------

31-июлда Каракол шаардык кеңештин депутаттары 21-сессияга чогулуп, күн тартибинде 25 маселе каралган. Алардын бири Каракол шаарынын мэринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу болчу.

Бул сессияга шаардык кеңештеги 31 депутаттын чиинен 30 эл өкүлү катышып, анын ичинен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 28 депутат мэрге ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Ал эми 2 эл өкүлү каршы чыгышты. Эл өкүлдөрү мындай кадамды мэрдин шаардын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча тапшырган отчёту канааттандырарлык болбогону менен байланыштырууда.

Сессияда кабыл алынган чечим өкмөт башчыга жолдонгон. Ал эми Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев отставка тууралуу 2018-жылдын февраль айында эле арыз жазганын айткан.

«Депутаттар өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу дагы арыз жазууну талап кылышты. Бирок кайталап арыз жазуунун зарылчылыгы жок деп ойлойм. Ал учурда 13 депутат, бул жолу 31 депутаттын ичинен 28 депутат ишенбөөчүлүк көрсөттү. Алар эмне себептен мындай чечим кабыл алганын билбейм. Бул саясий мотив болушу мүмкүн. Ал эми социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жакшы, июль айында премьер-министр биздин шаарга келгенде шаарды өнүктүрүү программасы менен ийгиликтүү тааныштыргам», - деди Д.Арпачиев.

Д.Арпачиев (42 жашында) 2016-жылдын 13-майында Каракол шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан мэр болуп шайланган. Шайлоого 31 депутат катышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерлер Данияр Арпачиев 24 добушка, Кубанычбек Абдубалиев 7 добушка ээ болгон болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3642
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×