Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Ак-Дөбө айылында 30 млн сомго 150 орундуу мектеп курулуп жатат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында 150 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Таалай Баяманов билдирди.

Анын айтымында, айылдагы мектептин бир имараты авариялык абалда болгондуктан быйылкы жылы «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан 30 млн сом каражат бөлүнүп, имараттын пайдубалы түптөлдү.

«Буга чейин айылда мектеп маселеси көйгөй жаратып келсе, эми ал чечүлүү жолунда. Азыркы тапта «Саруу курулуш» компаниясы иш жүргүзүп, 14 жумушчу иштеп жатат. Мектептин курулушу 2020-жылы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери күтүлүүдө», - деди айыл аймак башчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 361
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×