Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Үч баланын атасы өспүрүмдү зордуктоого шектелүүдө: Жабырлануучу кыздын атасы окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 30 жаштагы айылдашы тарабынан зордукталган 16 жаштагы кыздын атасы иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу айтып берди. Кыздын атасы Turmush басылмасына билдиргендей, бул жылы кызы 9-классты аяктаган.

«Буга чейин мен кызымдын жаман жүрүм-турумун байкаган эмесмин. Бул окуя боюнча мага аялым айтып берди, ага кызым айткан экен. Биздин айылдын 30 жаштагы тургуну М. кызым менен телефон аркылуу таанышып, аты Нурис экенин, башка айылда жашай турганын жана үйлөнө электигин билдирген.

Ошондой эле ал телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, биздин айылдагы М. аттуу баланы тааный турганын (өзү тууралуу айтып, ал анын досу экенин билдирген) жана ал абдан жакшы адам экенин айткан. Андан кийин менин кызыма келип, үйдөн чыгууну жана сейилдеп келүүнү өтүнгөн. Алдоо жолу менен аны ээн калган үйгө киргизип, күч колдонуу менен зордуктаган. Кетип жатып, эгер кимдир кирөөгө айтса аны өлтүрүп саларын жана үйүбүздү өрттөп саларын айткан.

Кийинки күнү кайра кызыма келип, телефон аркылуу аны өлтүрөм деп коркутуп баштаган. Бул убакта кызым чыдай албай, өзүн өлтүрүүнү чечкен. Ошол убакта аны менин экинчи кызым көрүп калып, апасына айткан. Кызым шок абалда баарын апасына айтып берген. Аялым мага айтып бергенден кийин мен милицияга барып, арыз жаздым», - дейт кыздын атасы.

Ошондой эле ал көпчүлүк айылдаштары М. аттуу адамды таанышпаганын жана айылда дайыма жашабаганын билдирди.

«Бул жигитти менин досторум дагы билишпейт экен. Белгилүү болгондой ал биздин айылда туруктуу жашачу эмес. Мен милицияга кайрылгандан кийин аны издеп башташты. Кызымда анын номуру бар болчу. Ошол аркылуу аны табышты. Жыйынтыгында, ал өзү айткан М. экени аныкталды. Бирок милицияда ал телефонун 10 күн мурун жоготуп алганын жана аны кимдир бирөө таап алып, колдонуп жүргөнүн билдирген. Ал туристтер менен иштей турганын айткан, бирок милиция кызматкерлери туристтер бар жерлерге барып табышкан жок. Ошондо милиция кызматкерлеринен аны сүрөткө тартып көрсөтүүнү өтүндүм. Алар сүрөтүн салышты, мен аны кызыма көрсөтсөм ал дароо тааныды. Милиция аны дароо кармаган. Ал алгач баарын мойнуна алган. Кызым окуя кандай болгонун көрсөтүп берген.

Бирок, кандайдыр бир себептер менен аны эркиндикке коё беришиптир. Аталган маселе боюнча Башкы прокуратурага кайрылам. Ошондой эле УКМКга арыз менен кайрылдым. Ошондон кийин гана аны издеп, кыймылдап башташты. Прокуратура кийин кылмыш ишин козгоду. Жок дегенде аны 48 саат кармап, окуя кандай болгонун аныкташы керек эле.

ЖМКларда туура эмес маалымат беришти. Ал жерде берген маалымат чындыкка дал келбейт», - деди кызды атасы.

Мындан тышкары ал М.дин атасынын апасы гана бар экенин айтты.

«Анын улуу агасы бир нече жолу соттолгон. Менин үйүмө анын туугандары келип, ал үчүн кечирим сурашты. Бирок бул кечирип коё тургандай окуя эмес. Анын үй-бүлөсү дагы ушундай кырдаалга туш болгон. Бирок ага карабай, ушундай кылмыш жасоого барды. Эгерде мен аны кечирип койсом, ал дагы канча кыздын тагдырын бузат?», - дейт ал.

Атасы кызынын мүнөзү токтоо жана мектепте жакшы окуган кыз экенин айтты.

«Бүгүнкү күнгө чейин мугалимдерден эч кандай арыздануу болгон эмес. Ал жалаң «4» жана «5» деген бааларга окуйт. Бул окуя биз үчүн абдан коркунучтуу болду. Караколдо экспертизалар жүргүзүлдү, бирок мен алардын жыйынтыгына макул эмесмин. Ошондуктан мен аны атайын Бишкекке экспертизага өзүм алып бардым. Жыйынтыгы чыкты.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси менен («зордуктоо») кылмыш ишин козгоду. Балким айыпталуучуга качып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкендир. Бирок чек арачылардын айтымында, ал өлкөдөн чыгып кете элек.

Балким мыйзамсыз түрдө чыгып кеткендир. Аны табышабы же жокпу билбейм. Азыр мен эле эмес, айыл тургундарынын баары ал жазасын алышы керек деп айтышууда. Эгерде менин кызымдын жүрүм-туруму начар болсо айыл эли биздин тарапта болот беле? ЖМКда кызым аны менен бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөн деп жазышууда. Мунун баары калп. Мен иштин адилеттүү каралышын талап кылам. Шектүүнү кармап, ал жазасын өтөшүн каалайм», - деди кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2336
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×