Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.08.2018 12:40 На русском

Ысык-Көлгө түшүп жаткан кызды катер сүйрөп кетти

Turmush -  Бостеридеги «Алтын кум» пансионатынын аймагында кечээ, 8-августта Ысык-Көлгө түшүп жаткан кызды катер сүйрөп кетти. Бул тууралуу АКИpress агенттигине жабырлануучу Айдана Зулумова өзү билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлгө Бишкек шаарынан достору жана туугандары менен бирге барган. Сууга түшүп жатканда катерге байланган парашюттагы трос менен сүйрөлүп, 200-300 метр тереңдикте калган.

«Катердин айдоочусу кулакка таккыч (наушник) менен жүргөнүн жана эч нерсе укпаганын айтты. Бирок ошол учурда баары кыйкырып жаткан. Менин жанымда эжем жана досум бар болчу», - деди жабырлануучу.

Ал курсак тарабынан жаракат алып, Чолпон-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Ысык-Көл РИИБден мындай факт катталганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×