Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө өнөр жай продукцияларынын эл аралык жармаңкеси өтөт

Turmush -  Каракол шаарында 20-22-август күндөрү өнөр жай продукцияларынын эл аралык жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өткөрүлүүчү жармаңке Соода-өнөр жай палатасы жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулууда.

Мында 100дөн ашуун чет элдик өнөр жай компаниялардын өкүлдөрү, Россия, Белоруссия, Кытай, Иран, Индонезия, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Түркия өндүү мамлекеттердин өнөр жай продукциялары жармаңкеге коюлат. «Ысык-Көл—2018» жармаңкеси эл аралык мамилелерди чыңдоо жана соода-сатык иштерин жүргүзүү максатын көздөйт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 520
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×