Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ысык-Көл

Чолпон-Атага Өзбекстандан келген эс алуучуларды тоногон эки адам кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда чет элдик эс алуучулардын мүлкүн уурдоого шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Көмүскөдөгү жай» жана «Нелегал» операцияларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандан келип эс алып жүрүшкөн жарандардын өздүк мүлктөрүн уурдаганга шектүүлөрдү кармашты. Алар — Нарын облусунан келген 36 жаштагы Т.Жумгалбек менен 22 жаштагы Ж.Арген.

«23-июлда Ысык-Көл РИИБге Өзбекстандын жарандары — 60 жаштагы Долорес Кан, 62 жаштагы Екатирина Ли жана 51 жаштагы Инна Кан арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучу адамдардын көрсөтмөсүндө, алар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Персона» жеке менчик эс алуу жайында эс алып жүрүшкөн. Көлгө түшкөнү кетишкенде белгисиз адамдар коттеджде кишинин жоктугунан пайдаланышып, «Самсунг А5», «Самсунг С4» уюлдук телефондорун, эки айпадын жана 660 АКШ долларын түзгөн акча каражаттарын уурдап кетишкендигин билдиришкен.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 15 күндөн кийин шектүү адамдар кармалышкан.

Кармалган шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн башка кылмыштарга тиешеси такталып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 651
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×