Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 09.08.2018 10:55

Талды-Суудагы энелер баланы туура эмизүүнү үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу 4 айылда бир жашка чейинки 180 бала каттоодо турат. Балдардын жана энелердин дени сак болушу үчүн Талды-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда атайын жабдуулар менен «Эне-бала мектебине» бөлмө бөлүнүп берилген.

Бул мектептин башчысы, 18 жылдан бери дарыгер болуп эмгектенген Алмагүл Шаршебаева, Эмчек эмизүү боюнча адис, 30 жылдан бери дарыгер болуп иштеген Гүлай Убайдуллаева, 40 жылдан бери дарыгер болуп үзгүлтүксүз эмгектенген Светлана Асаналиева баш болгон дарыгерлер тобу мектепке боюнда бар энелер каттоого тургандан баштап кабыл алышып, курсакта экенде бала менен энеге кам көрүү, төрөгөндөн кийин балага туура эмчек эмизүүнү жана эненин туура тамактануусун үйрөтүшөт.

Алардын ичинен мыкты делген энелер кийинки төрөгөн энелерге өздөрүнүн бай тажрыйбаларын үйрөтүшөт», - деди Талды-Суу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Догдуркан Рыскулова.

Мектептин активдүү катышуучулары — 4 баланын энеси, почточу болуп иштеген Гүлзат Курманова, 3 кыз, бир эркек баланын энеси Канатбек кызы Каныкей баштаган энелер тобу «Эмчек сүтү — мыкты өмүр башаты» бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгына карата баланын бойго бүтүү мезгили, баланын төрөлүшү, андан кийинки эмчек эмизүү мезгили боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарып беришти.

Бул жумалыктын жыйынтыгын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана райондук денсоолукту чыңдоо кабинетинин кызматкерлери чыгаргандан кийин Талды-Суу айыл өкмөтү «Эне-бала мектебинин» алдыңкы катышуучуларына атайын белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×