Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 09.08.2018 09:48

Талды-Сууда диний көз караштан улам 34 ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартты

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтү боюнча 11 жашка чейинки курактагы 34 бала ата-энелеринин каршылыгынан улам эмдетүүдөн өткөрүлгөн жок, дейт Талды-Суу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун «Эне-бала мектебинин» дарыгери Гүлай Убайдуллаева.

Анын айтымында, айыл өкмөттөгү 4 айыл боюнча бир жашка чейинки 180 бала каттоодо турат.

«Баланын келечекте дени сак болушу үчүн, ар кандай оорулардын алдын алууга карата эмдөөлөрдү жүргүзүп турабыз. Бирок кээ бир ата-энелер диний ырым-жырымдарга ишенип алышып, балдарын эмдөөтүдөн баш тартышат. Биз балдардын ата-энелеринен эмдөөтүдөн баш тартканы үчүн түшүнүктөрдү жаздырып алабыз да, атайын токтом түзүп, райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна өткөзөбүз.

Канчалык түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк деле балдарын эмдетүүдөн качкан ата-энелердин саны өсүп бара жатат. Бүгүнкү күндө Талды-Суудан 7, Көөчүдөн 4, Ичке-Суу айылынан 23 бала эмдетүүдөн өткөн эмес. Корумду айылында балдардын баары эмдөөдөн толук өтүшкөн. Эртерек бул көйгөйдү коомчулук менен бирге колго албасак акыры жаман болуп калышына эч ким кепилдик бере албайт», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×